Англия Европа Биримдигинде калабы же андан чыгып кетеби?
АКШнын президенти Барак Обаманын Англияга сапарынан кийин сурамжылоо жүргүзүлдү.
Англияда Европа Биримдигинен чыгууну жактагандардын саны акыркы күндөрдө көбөйүп баратат.
Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда «Европа Биримдигинен чыгалы» дегендердин саны 46 пайыз, «калалы» дегендердин саны болсо 44 пайыз болду.
Бул сурамжылоо АКШнын президенти Барак Обаманын Англияга сапарынан дароо кийин жүргүзүлдү.
Обама Лондондогу иш сапары маалында Англиянын Европа Биримдигинде калышы керектигин жактаган эле.
Бирок сурамжылоолордун жыйынтыгы бул сөздөрдү артка кайтаргандыгын көрсөтүп турат.
Ушул сапардан кийин «Европа Биримдигинен чыгалы» дегендердин саны көбөйдү.
Англияда «Daily Telegraph» гезити тарабынан телефон аркылуу жүргүзүлгөн башка сурамжылоого караганда, «чыгалы» дегендердин саны 51 пайыз, «калалы» дегендердин саны болсо 43 пайыз болду.
Европа Биримдигинен чыгып же чыкпай тургандыгы 23-июндагы добуш берүүдөн кийин белгилүү болот.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.