Эквадордо жер титирөө

Эквадордо болгон 7, 8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 400дөн ашып, 3 миңге жакын киши жараланды

473717
Эквадордо жер титирөө
  • Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо болгон 7, 8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 400дөн ашып, 3 миңге жакын киши жараланды. Үзгүлтүксүз иштеп жаткан куткаруу топтору уранды астында соо калгандарды чыгарууга аракет кылууда. Эквадор малекет башчысы Рафаэль Корреа апаат болгон аймакка барып жабыркагандар менен жолугушту. Корреа калкына биримдик ичинде бул чоң жер титирөөнүн жараларын айыктыруу убадасын берди.
  • Ошол эле учурда бир топ өлкө да Эквадорго жардам берүү үчүн аракетке өттү.
  • Испания, Боливия, Куба, Мексика сыяктуу өлкөлөр чукул жардам жана саламаттык сактоо топторун жиберди. БУУ жардам үчүн аба коридорун түздү. Европа Биримдиги да жер титирөө болгон өлкөгө 1 миллион евро жардам берет.


Тектеш кабарлар