Филиппинде 6 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөөнүн Замбоанга аймагынын жээктеринде катталганы билдирилди

470680
Филиппинде 6 баллдык жер титирөө болду

Филиппиндин түштүгүндө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болуп, 3 киши жеңил жаракат алды.

Вулканология жана сейсмология институту, жер титирөөнүн Замбоанга аймагынын жээктеринде 12 километр тереңдикте катталганын жарыялады.

Жер титирөө Замбоангада үч үйдүн жарым-жартылай кыйрашына себепчи болду.

Филиппиндин Лусон аралында 1990-жылы болгон 7,7 баллдык жер титирөөдөн орто эсеп менен 2 миң киши каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар