Диабет оорусуна чалдыккан адамдардын саны көбөйүп баратат

Диабет оорусу жыл сайын 1,5 миллион адамды өлүмгө алып барат

465998
Диабет оорусуна чалдыккан адамдардын саны көбөйүп баратат

БУУга караштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, диабет оорусуна чалдыккандардын саны ылдам көбөйүп баратканын жана дээрлик 11 кишиден биринин диабет илдети менен ооруганын билдирди.

Бул уюм даярдаган кеңири отчетто, диабет илдети менен ооругандардын саны 1980-жылы 108 миллион болсо, 2014-жылы дээрлик төрт эсе көбөйгөнү белгиленди.

Отчетто, кандагы канттын өлчөмүнүн жогору болушу жыл сайын 3 миллион 700 адамдын өлүмүнө себепчи болгону жана алдын алынбаса оорулуулардын санынын көбөйүшүнүн улаанары да баса белгиленди.

1-типтеги жана 2-типтеги диабеттерди чогуу караган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, мунун көбөйүшү көбүнчө жашоо шарттарына байланыштуу болгон 2-типтеги диабеттен келип чыкканын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда диабетке байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн др. Этьен Круг диабеттин билгизбеген оору экенин, бирок ылдам күчөшүнүн токтотулушу керектигин айтты.

Круг: «Адамдын ден-соолугуна жана коомчулукка терс таасирин тийгизген бул оорунун күчөп көбөйүшүнө уруксат бере албайбыз, аны токтотуу үчүн эмне жасалышы керек экенин билебиз»,-деди.

Диабет оорусу жыл сайын 1,5 миллион адамды өлүмгө алып барат жана өлүм рейтингинде сегизинчи орунда турат.



Тектеш кабарлар