Учактын сыныктары Малайзия аба жолдоруна таандык

Канберрада жүргүзүлгөн иликтөөлөр аяктады

457581
Учактын сыныктары Малайзия аба жолдоруна таандык

Австралия өкмөтү, Мозамбикте табылган учактын бөлүктөрүнүн 2014-жылы 8-мартта дайынсыз жоголгон Малайзия аба жолдоруна таандык экендигинин дээрлик такталгандыгын билдирди.

Транспорт министри Даррен Честер, Түштүк Африканын жээктеринде табылган учактын эки сыныгы боюнча Канберрада жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн аяктаганын, анын Малайзия аба жолдоруна таандык MH370 номердүү Боинг-777 үлгүсүндөгү учак менен абдан шайкеш келгендигин айтты.

Бөлүктөрдүн 13 коопсуздук изилдөө тобу тарабынан иликтенгенин белгилеген Честер: «Иликтөөнүн жыйынтыгында урандынын дээрлик ошол учакка таандык экендиги такталды»,- деди.

Аты аталган учак Куала-Лумпур-Пекин каттамын жүргүзүп жатканда, 2014-жылы 8-мартта 227 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү менен дайынсыз жоголуп кеткен.

Учактын сыныктары, бардык аракеттерге карабастан табылган эмес.



Тектеш кабарлар