Гидо Вестервелле 54 жашында каза болду

Лейкемия менен күрөшкөн Вестервелле бүгүн Кёлн университетинин клиникасында каза болду

453612
Гидо Вестервелле 54 жашында каза болду

Германиянын мурунку тышкы иштер министри Гидо Вестервелле 54 жашында каза болду. Вестервелле фонду интернет сайтынан берилген маалыматтарга караганда лейкемия менен күрөшкөн Вестервелле бүгүн Кёлн университетинин клиникасында каза болду.

2001 – 2011 – жылдардын арасында Эркин Демократ партиясынын лидерлигин аткарган Вестервелле 2009 – 2013 – жылдары да Ангела Меркеллдин лидерлигиндеги Христиан Биримдик партиялары менен ФДПнин арасында курулган коалиция өкмөтүндө тышкы иштер министри катары кызмат кылган.

Вестервелле 2015 - жылы оорусуна байланыштуу «Эки турмуш арасында» аттуу китеп жазган.



Тектеш кабарлар