Венгрия менен Иран атомдук кызматташуусун арттырууда
Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Будапештте жолугушууларды өткөрдү.
Венгриянын тышкы иштер министри жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто, Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи менен Будапештте жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Петер менен Салихи, эки өлкөнүн ортосундагы атомдук кызматташууну өнүктүрө тургандарын жарыялашты.
Петер Сийярто, Европа Биримдигинин Ирандын тынчтыкчыл өзөктүк ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү катары, изилдөө жана илимий кызматташтык түзүүсүн колдогондорун билдирди.
Венгер министр, өлкөсүндөгү компаниялардын Ирандагы көмүр суутек ресурстарын иштетүүдө кандай иш-чараларды жүргүзсө боло турганы боюнча сүйлөшүүлөрдү мындан ары да уланта тургандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.