АКШ Кытайдын Түштүк Кытай деңизине ракета жайгаштырганын айтууда

Тайвань өкмөтү да Yongxing (Вуди) аралында ракета системаларынын жайгаштырылганын белгиледи. Пекин болсо айтылгандарды жалганга чыгарды

434992
АКШ Кытайдын Түштүк Кытай деңизине ракета жайгаштырганын айтууда

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер Кытай Эл Республикасынын Түштүк Кытай деңизине кургактыктан абага ракета системасын жайгаштырганын билдирди.

Системаны спутник көрүнүштөрүнөн көрүшкөндөрүн айткан Тонер системанын ал жерде болушу аймактагы араздашууларды дагы да арттырарын белгиледи.

Американын басма сөз мекемеси Fox News 14 - февралда тартылганын белгилеген жана жарыялаган спутник көрүнүштөрүндө аралга эки ракета батареясы жана 8 ракета рампасынын жайгаштырылганы көрүнүүдө.

Тайвань өкмөтү да Yongxing (Вуди) аралында ракета системаларынын жайгаштырылганын белгиледи. Пекин болсо айтылгандарды жалганга чыгарды.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи айтылгандардын Батыш медиасы тарабынан жарыяланган жалган кабарлар экенин жактады. Пекин башкаруусу талаш – тартыштуу Түштүк Кытай деңиз аралдарында акысынын бар экенин айтып аймакта базистик иштерин баштаган.

Кытай өкмөтү бул чечиминин эл аралык укукка ылайык экенин жана максатынын жарандарга кызмат кылуу экенин айтууда. Бирок башта Тайвань болуу менен Вьетнам, Филиппиндер, Малайзия жана Бруней сыяктуу өлкөлөр да аймактагы аралдарда өз үлүштөрүнүн бар экенин айтышууда жана Пекинди Түштүк Кытай деңизин аскердик базага айландыруу менен күнөөлөөдө.



Тектеш кабарлар