Обама Орусияны сынга алды
Обама Москва башкаруусунун Асад режимин башынан бери колдогонун эске салды
АКШнын президенти Барак Обама Орусиянын Сирияда жүргүзгөн операцияларынан улам чыкпас жолго кирерин айтты. Обама АКШ менен Түштүк Чыгыш Азия эл аралык биримдиги АСЕАН өлкөлөрүнүн лидерлерин жолугуштурган саммиттен кийинки пресс – жыйынында Орусияны катуу сынга алды.
Обама Москва башкаруусунун Асад режимин башынан бери колдогонун эске салып : «Орусия өзүн чыкпас жолго салат деген болчумун жана бул болот. Аз гана болгон оппозиция албетте дүйнөнүн эң чоң экинчи армиясынын куралдары менен күрөшө албайт. Бирок өлкөнүн төрттөн үч бөлүгү Асаддан башка кишилердин колунда, бул кыска убакытта өзгөрбөйт»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жаз айы дүйнө жүзү боюнча рекорддук температура менен өттү
Адистер жакынкы күндөрдө жаңы температура рекорддорунун жаңыланышы мүмкүн экенин эскертишти.