Түркия - Европа Биримдиги саммити

Саммит Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу менен 28 + 1 форматында өткөрүлөт

394549
Түркия - Европа Биримдиги саммити

Түркия менен Европа Биримдиги качкындар кризисинде биргелеше кадам таштоого даярданууда. Эртең Брюсселде боло турган Түркия – Европа Биримдиги саммитинде Кыймыл планынын шарттары каралат. Саммитте мындан мурда Түркия менен өткөрүлгөн жана бир гана Европа Биримдиги мекемелеринин лидерлери катышкан «мини саммит» форматында болбойт. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу менен 28 + 1 форматында өткөрүлөт. Саммитке Түркиядан премьер – министр Ахмет Давутоглу катышат. Саммитте Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү качкындар агымына бөгөт болуу үчүн кыймыл планын ишке ашыруу максат кылынууда. Европанын качкындар кризиси менен күрөшүүсү саммиттин негизги күн тартип беренеси болот. Самитте карала турган темалардын арасында иретсиз качкындар маселеси менен күрөшүү, сириялык качкындар жүгүнүн бөлүшүлүүсү да бар. Европанын качкындар кризиси менен күрөшүү тууралуу Анкаранын жардамы жана кызматташтык түзүү үчүн 3 миллиард евро финансылык жардамдын берилиши үчүн да чечимдин чыгарылуусу керек болгон темалардын арасында болот. Самитте түрк жарандары үчүн виза эркиндигинин алып келиниши, Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн жандандырылуусу жана Бажы Биримдигинин деңгээлинин жогорулатылуусу да каралат.
Акыркы күндөрдө күчөп бараткан террордук окуялар жана терроризмдин бардык түрүнө каршы кызматташтыктын түзүлүшү да саммиттин күн тартибинен орун алган темалардын арасында. Европа Биримдиги саммитинин эртең Брюсселде Түркия убактысы менен саат 17де башталуусу пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар