Жон Керри Жакынкы Чыгышта жолугушууларды өткөрөт
Керри Абу-Даби, Тель-Авив, Иерусалим жана Рамаллага барат.
420719
Израиль-Пелестина чыңалуусу уланып жатканда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Жакынкы Чыгышта жолугушууларды өткөрөт.
Керри Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Даби, Тель-Авив, Иерусалим жана Рамаллага барат.
Жон Керринин жолугушууларында Израиль-Палестина чыңалуусу менен катар, эки тараптуу карым-катнаштар, ДЕАШка каршы күрөшүү жана Сириядагы кырдаал сүйлөшүлөт.
Керри Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен өткөн айда Берлинде жолугушкан.
Америка башкаруучулугу, Акса мечитине байланыштуу Израиль менен палестиналык тараптарга провокациялык аракеттерден алыс турууга чакырган.