Чоң жыйырмалыктын атайын коноктору

Тарыхый саммитке 19 өнүккөн өлкөнүн лидерлери катышат.

365139
Чоң жыйырмалыктын атайын коноктору

Түркия кезектешкен төрагалык кызматын жүргүзүп жаткан Чоң жыйырмалыктын ушул жуманын аягында Антальяда баштала турган тарыхый саммитине даярдык көрүп жатат.
15-16-ноябрда өткөрүлө турган саммитке 19 өнүккөн өлкөнүн лидерлери катышат.
Саммитке катыша албай турганын билдирген Аргентинанын президенти Киршнердин ордуна бул өлкө тышкы иштер министр жана экономика министри деңгээлинде өкүлдүк кылынат.
Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагасы сыпаты менен атайын чакырган Азербайжан, Малайзия, Сенегал, Сингапур, Испания жана Зимбабве болсо Түркиянын атайын коноктору болушат.
Малайзиянын премьер-министри Наджиб Тун Разак саммитке Чоң жыйырмалыктын мүчөсү болбогондуктан Түштүк-Чыгыш Азия Улуттар Биримдигинин 2015-жылдагы кезектешкен төрагасы болгону үчүн катышат.
Сенегалдын президенти Маки Салл да Африканын өнүгүүсү үчүн жаңы өнөктөштүк инициативасынын башында тургандыктан чакырылды.
Сигапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун болсо өлкөсүнүн глобалдык финансы борбору катары милдеттенген ролунан улам саммитке катышат.
Бул учурда президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын саммитине карата даярдыктарды ордунда иликтеш үчүн бүгүн Антальяга барды.
Аэропортто өзүн тосулуп алгандарга кайрылган Эрдоган Антальянын алдыбыздагы жылы ЕХРОго жетекчилик кылаарын эске салып, ушундайча шаардын эл аралык жамаатта өзгөчө орунга ээ боло турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар