Словения белгилүү санда гана көчмөнгө уруксат берет
Хорватия Словениядан 5 миң көчмөндү кабыл алуусун талап кылган
Европа Экинчи дүйнөлүк согушунан бери эң чоң көчмөн кризиси менен күрөшүүдө. Көчмөндөр үчүн үмүт болгон Словения белгилүү санда гана көчмөндүн чек арасынан өтүүсүнө уруксат берерин билдирди.
Словениянын ички иштер министрлиги күндө 2 миң 500 көчмөндү кабыл алыша аларын айтты. Хорватия Словениядан 5 миң көчмөндү кабыл алуусун талап кылган. Хорватиядан 1800 көчмөндү ташыган поезд болсо көпкө созулган күтүүдөн кийин Словенияга баруу үчүн аракетке өттү.
Венгриянын Хорватия чек арасын жабуусунан кийин Батыш Европа өлкөлөрүнө барууга аракет кылган көчмөндөр Хорватия аркылуу Словенияга өтүүгө аракет кылууда. БУУ ишемби күнү 4 миң көчмөндүн Словенияга барганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Индия ракетасын сынады
Индиянын Коргоо министрлиги, Crystal Maze-2нин сыноо учуусунун ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.