Ажылыкта 717 киши каза болду

800дөн ашуун киши жараланды

391609
Ажылыкта 717 киши каза болду

Сауд Арабстандын Мекке шаарынын жакындарындагы Минада чогулган калың топто тебеленди болуп, каза болгондордун саны 717ге жетти. Окуяда 800дөн ашуун киши да жараланды. Жаралуулардын арасында түрктөрдүн да бар экени билдирилүүдө. Тебелендинин эң көп африкалык мусулмандар болгон аймакта болгону белгиленди. Меккеге барган дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез кризис столун түздү. Шаардагы башкармалык жетекчилери каза болгондордун арасында түрк жарандарынын жок экенин ойлоп жатат. Бир жетекчи : «Кырсыкта каза болгондордун арасында түрктөрдүн болушун күтпөйбүз», - деди.
Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдоган кырсыктан терең санааркаганын билдирип : «Бардык мусулмандарга көңүл айтам»,- деди. Өлкөдө 2006 - жылы да шайтан айдоо учурунда болгон тебелендиде 364 киши каза болгон. Аймакта азыр да 2 миллиондон ашуун ажы талапкери мусулман бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар