Венгрия аскерлерди да аракетке өткөрөт

Венгрия өткөн айдачек арага жасаган 4 метр бийиктикте тикендүү сеткаларды бүтүрдү

377297
Венгрия аскерлерди да аракетке өткөрөт

Венгрия баш калкалоочулардын Сербиядан өтүүсүнө бөгөт болуу үчүн армияны аракетке өткөрүүнү пландап жатат.
Премьер – министр Виктор Орбандын бул тууралуу сунушунун 15 - сентябрда парламенттен өтүүсү менен чек арада полиция менен бирге аскерлер да кызмат кылат. Орбан айрыкча Сербия чек арасында 3 транзит аймактын курулушун күткөн мыйзамдарды парламенттен өткөрдү.
Өткөн июль айында баш калкалоочулар үчүн Сербияны коопсуз аймак деп жарыялаган Будапешт транзит аймакта чогулта турган баш калкалоочуларды да Сербияга кайра жиберүү үчүн негиз даярдады.
Ашыкча оңчулдар бийликте болгон Венгрия өткөн айдачек арага жасаган 4 метр бийиктикте тикендүү сеткаларды бүтүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар