Орусиядан Арменияга 200 миллион доллардык аскердик жардам

Армениянын президенти Серж Саргсян Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

376173
Орусиядан Арменияга 200 миллион доллардык аскердик жардам


Президент Путин Арменияга 200 миллион доллардык аскердик жардам көрсөтө турганын билдирди.
Армениянын эң чоң соода өнөктөшү Орусия экенин белгилеген Путин, Ереван башкаруусу менен кызматташууну дагы да күчтөндүрүүнү каалагандарын баяндады.
Путин Арменияга газды 25 пайыз арзандатып сатаарын айтты.
Армян лидер Саргсян болсо бир суроо боюнча, акыркы эки жумадан бери Карабах чек арасындагы кырдаалдын курч экенин жана Азербайжандын колдонгон курал технологиясына каршы жооп кайтарууга аргасыз болгондорун баяндады.
200 миллион доллардык жардам Армения армиясынын модернизациясы үчүн колдонулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар