Европа комиссиясынын баш калкалоочу планы

Словакия, мусулман баш калкалоочуларды кабыл алгысы келбегенин билдирди.

376339
Европа комиссиясынын баш калкалоочу планы

Европа комиссиясы баш калкалоочу планын бүтүрдү.
Буга ылайык Греция, Венгрия жана Италиянын баш калкалоочу жүгү Франция менен Германиянын ортосунда бөлүштүрүлөт.
Германия менен Франция 120 миң баш калкалоочунун дээрлик жарымынан көбүн кабыл алат.
Планга караганда 40 миң баш калкалоочу Германияга, 31 миң баш калкалоочу Францияга жөнөтүлөт.
Баш калкалоочуларды кабыл алгысы келбеген өлкөлөр болсо финансылык жактан колдоо көрсөтүшөт.
План эртең расмий жарыяланып, Европа Биримдигинин ички иштер министрлеринин келээрки дүйшөмбү күнү өткөрүлө турган жыйынында да талкууланат.
Чыгыш Европа өлкөлөрү болсо квотанын алкагында таркатылышына каршы чыгышууда.
Словакия, мусулман баш калкалоочуларды кабыл алгысы келбегенин билдирди.
Комиссиянын планына ылайык 2 миң 287 баш калкалоочуну кабыл алуусу керек болгон Словакия, 200 баш калкалоочуну эле кабыл алаарын, алардын да христиан болушу керектигин маалымдады.
Англия да баш калкалоочу планын карап чыкты.
Башка Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып Англия кабыл ала турган баш калкалоочуларды Европага жеткендерден эмес, Сириянын коңшу өлкөлөрүнөн өзү тандап алат.
Лондон 20 миң баш калкалоочуга каалгаларын ачууга даярданууда.
Германия болсо баш калкалоочулар үчүн 6 миллион евролук каражат бөлүүнү чечти.
Германиянын канцлери Ангела Меркель, баш калкалоочулардын коргонууга муктаж болгондоруна каалгаларынын ачык экенин бирок маселенин бардык жүгүн Германиянын өзү жалгыз ала албай турганын айтты.
Меркель коопсуз өлкөлөрдөн Герамнияга келгендердин өлкөлөрүнө кайтып баруусу керектигин да кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар