Украинада бала аскерлер даярдалууда

11 – 15 арасындагы балдарга Киев жакындарындагы лагерде негизги аскердик эрежелер үйрөтүлүүдө

372897
Украинада бала аскерлер даярдалууда

Украинада бир тараптан согушту токтотуу аракеттери улантылып, бир тараптан келечектеги муундарга согуштун эрежелери үйрөтүлүүдө.
Жайкы эс алуунун акыркы күндөрү жаштары 11 – 15 арасындагы балдарга Киев жакындарындагы лагерде негизги аскердик эрежелер үйрөтүлүүдө.
Украина улуттук гвардиячылдары тарабынан берилген 3 күндүк билим берүүдө балдар курал колдонууну, күрөшүүнү жана куралдарды кантип кароо керектигин үйрөнүшүүдө. Балдарга биринчи жардам, карта окуу жана буталарды аныктоо сабактары берилүүдө. Өлкөдө жайкы лагерлерде балдарга аскердик билим бергени тууралуу кабарлар андан мурда да күн тартибине келип, балдар укугун коргоочулар абалга каршы чыгышкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар