Венгрия качкын көчмөндөргө каршы чара көрүүдө

Венгрия Сербия чек арасын зым тосмо менен тосуп жатат.

369654
Венгрия качкын көчмөндөргө каршы чара көрүүдө


Тарыхынын эң чоң көчмөн агымына дуушар болгон Венгрия, мыйзамсыз көчкө бөгөт коюу үчүн Сербия чек арасын зым тосмо менен тосуп жатат.
Греция жана Македония аркылуу Сербияга жеткен миңдеген качкын көчмөн, Европа Биримдигинин мүчөсү Венгрияга өтүүгө аракет кылууда.
Рекорддук деңгээлге жеткен көчмөндөргө каршы чара көрүү иштери башталды.
Венгрия өкмөтү Сербия чек арасына тосулуп жаткан 175 километрдик зым тосуу ишин ылдамдатты.
Жооптуу кызматкерлер, 17-июнда башталган зым тосуу иштери 31-авгутта аяктаарын билдиришти.
Көчмөн агымына тынчсыздануу менен байкоо салган Европа Биримдигинин жооптуу кызматкерлери болсо Венгрияга жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин маалымдашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар