Пакистанда жан кечтилик кол салуу болду

Пенжаб провинциясынын ички иштер министри Шужа Ханзада үйүнүн жакынында болгон жан кечтилик кол салууда каза болду.

330514
Пакистанда жан кечтилик кол салуу болду

Пакистанда Пенжаб провинциясынын ички иштер министри Шужа Ханзада үйүнүн жакынында болгон жан кечтилик кол салууда каза болду.
Пенжабдын ички иштер министри Ханзаданын кол салуу убагында партиясына мүчө 25 киши менен жыйналыш өткөрүп жатканы жана аны менен бирге 10 кишинин дагы өмүрү кыйылганы белгиленди.
Окуядан кийин жарыя салган Пакситандын премьер-министри Наваз Шариф, кол салууну айыптап, террор менен күрөшүүсүнүн улана турганын айтты.
Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек. Провинциянын ички иштер министри Ханзаданын террор уюмуна карай операцияларынын себебинен бутага алынганы божомолдонууда. Өткөн күндөрдө уюштурулган операцияда аль-Каиданын Пакистан боюнча жооптуусу болгону божомолдонгон Абдали деген каймана аты бар киши өлтүрүлгөн.
Бир тараптан Пакистан армиясынын Түндүк Вазирстан аймагындагы террордук буталарга жүргүзгөн операциясында болсо 40 террористтин өлтүрүлгөнү жарыяланды. Пакистан армиясынын Талибан жана башка радикалдуу топторго каршы 2014-жылдын июнь айында баштаган операцияларынан ушул убакка дейре 2 миң 800 террорист мерт кеткен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар