Африканы террор кол салуулары курчап алды

Сомали, Камерун жана Нигериядагы террордук кол салууларында көптөгөн киши каза болду.

385211
Африканы террор кол салуулары курчап алды

Сомали, Камерун жана Нигериядагы террордук кол салууларында көптөгөн киши каза болду, жүздөн ашык киши жараланды.
Сомалинин борбору Могадишуда чет өлкөлүк миссия башчылары жашаган мейменканаларда бомба жардыруусунан 13 киши каза болду. Кол салууну террор уюму Эш-Шебаб мойнуна алды.
Мейманкана кызматынан тышкары Катар жана Кытайдын дипломатиялык миссияларын коноктоп жаткан мейманканага, Эш-Шебаб мурун да кол салуу уюштурган.
Мейманкага болгон кол салуу туурасында билдирүүсүндө Сомали президенти Хасан Шейх Махмуд: «Бул бир террор кол салуусу, өлкөнүн тынчтыгын жана коопсуздугун бузууга аракет кылып жатат. Мындай кол салуулар максаттарына жетиши мүмкүн эмес»- деп айтты.
Махмуд, Сомали өкмөтүнүн эли менен биргеликте террористтердин тамырын кырка тургандыгын белгиледи.
Нигериянын Түндүк-Чыгышындагы Даматура шаарында адамдар көп чогулган базарда бир аял үстүндөгү жарылуучу затты жардырып жибергенде 15 киши каза болуп, 50 киши жараланды.
Бул кол салууларды кошкондо мамлекет башчысы Мухаммед Бухари май айынын акырында бийликке келгенден кийин террор кол салууларында каза болгон кишилердин саны 800гө жеттти.
Мухамед Бухарининин президенттикке талапкер болгон убакта берген эң маанилүү убадаларынын бирөөсү да Боко Харам террору менен күрөшүү эле.
Камерундун Маруа шаарында да жан кечтилик кол салгыч аялдын жардыруусунан улам 19 киши каза болуп, 62 киши жараланган.
Бардык кол салууларды ушул убакытка чейин эч ким мойнуна алган эмес, бирок ошол шаарларда өткөн күндөрдө болгон жан кечтилик кол салууларды Боко Харам террордук уюму моюнга алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар