Дүйнөнү канча миллион киши кыдырууда?

Чет элдик туристтердин саны Америкада 6 пайыз өстү.

379943
Дүйнөнү канча миллион киши кыдырууда?


БУУнун дүйнөлүк туризм көрсөткүчтөрүнө караганда жылдын төрт айында дөйнөгө саякатка чыккандардын саны 332 миллион киши болду.
Саякатчылардын саны Америкада 6 пайыз, Европа, Азия, Азия-Тынч океан жана Жакынкы Чыгыш аймактарында 4-5 пайыз өстү.
Жугуштуу оорулар, экономикалык жана саясий маселелер менен күрөшкөн Африка аймагында болсо аты аталган мезгилде чет элдик туристтердин саны 6 пайыз азайды.
Ал эми Түндүк Африкада 7 пайыз, Сахаранын түштүгүндөгү аймактарда 5 пайыз азайды.
Чет элдик туристтердин саны 6 пайыз өскөн Американын түштүк тилкесинде саякатчылардын жалпы саны 8 пайыз, Кариб өлкөлөрүндө 7 пайыз өстү.
Азия жана Тынч океан аймагында орто эсеп менен 4 пайыз болгон өсүү, Океанияда 8 пайыз, түндүк жана чыгыш Азияда 5 пайыз, чыгыш Азияда болсо 3 пайыз болду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар