Европа Биримдигинен уйгур түрктөрүнө карата мамилеге каршы чыгуу

Кэтрин Эштон кысымдардан качып Таиландга баш калкалаган 115 уйгур түркүнүн Кытайга тапшырылуусуна каршы чыкты

378767
Европа Биримдигинен уйгур түрктөрүнө карата мамилеге каршы чыгуу

Европа Биримдигинин тышкы иштер жогорку өкүлү Кэтрин Эштон кысымдардан качып Таиландга баш калкалаган 115 уйгур түркүнүн Кытайга тапшырылуусуна каршы чыкты.
Эштон жазуу түрүндөгү маалыматында араларында аялдар менен балдар да болгон уйгур түрктөрүнүн Кытайга тапшырылуусунун эл аралык адамзаттык укуктун негизги доктринасына тескери экенин баса белгиледи. Эштон : «Таиланддын Эл аралык атуулдук жана саясий укуктар келишими боюнча милдеттери бар. Калган түрк тектүүлөрдүн эркиндиги менен каалаган жана өздөрүн кабыл алган бир өлкөгө барууларына уруксат берилүүсү керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар