Мурунку тышкы иштер министри Файсал каза болду

Сауд Арабстанда 40 жыл тышкы иштер министри болуп кызмат кылган принц Сууд бин Файсал бин Абдулазиз Ал Сууд 75 жашында каза болду

378395
Мурунку тышкы иштер министри Файсал каза болду

1975 - жылы кызматын баштаган жана «Дүйнөнүн эң узун убакыт кызмат кылган тышкы иштер министри» деген атка ээ болгон Файсал саламаттыгынан улам 1 - майда кызматын Адил бин Ахмед ел Жүбейрге өткөрүп берген.
Сауд Файсал кызматын өткөрүп бергенден 2 жарым айдан кийин каза болду. Кызматында 4 башка Сауд королу менен иштеген Файсал АКШнын аймактагы маанилүү бир саясий жана экономикалык союздашы болгон Сауд Арабстандын тышкы иштер министри сыпаты менен дипломатиялык чөйрөлөр сый көрсөткөн ысым болду.
Сауд Файсал акыркы жылдарда начарлаган саламаттыгына карабастан араб жазынан кийин ортого чыккан абалдар менен кызматын улантты. Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдоган Сауд Арабстандын мурунку тышкы иштер министри Файсалдын каза болушу менен король Селман бин Абдулазиз Ал Суудга телефон чалып көңүл айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар