«Тынчтык жүрүшү» миңдеген кишинин катышуусу менен башталды

1992 - 1995 - жылы Босния - Герцеговина согушу учурунда Сребреницада «өлүм жолу» деп аталган багытта салттык «Тынчтык жүрүшүнүн» 11 – өткөрүлүүдө

337556
«Тынчтык жүрүшү» миңдеген кишинин катышуусу менен башталды

Кыргындан качкандардын токой жолу менен Тузла шаарына баруу үчүн колдонгон багыттагы жүрүш миңдеген кишинин катышуусу менен Незук кыштагынан башталды.
Эрте мененки сааттардан баштап Незукта чогула баштаган 8 миң киши кыргында курман болгондор үчүн дуба кылышып эскеришкенден кийин жолго чыгышты. Араларында Түркия да болгон бир топ башка өлкөдөн келгендерден турган 100 километрге жакын узундуктагы кортеж 10 - июль күнү кыргында курман болгондор көмүлгөн Поточари эстелик мазарына барат.
Күн сайын 35 метр жол басып өтө турган катышуучуларга кыргын тууралуу маалыматтар берилет жана «өлүм жолун» басып өтүү менен жашап калгандар болсо башынан өткөндөрдү айтып беришет.
«Тынчтык жүрүшүн» уюштурган комитеттин төрагасы Хамдия Фейзич жүрүшкө катышкандардын санынын эмес, берген кабарларынын маанилүү экенин белгилеп : «Жүрүш биринчи жолу өткөрүлгөндө 300 гана киши катышкан, бирок анда да дүйнөгө тынчтык, оптимисттик, бирдикте жашоо жана бул жолдо каза болгондордун эч качан унутулбай турганы белгиленген»,- деди.
Сребреница муниципалитетинин төрагасы Чамил Дуракович да : «Тынчтык жүрүшүнүн» дүйнөлүк жана көп улуттуу бир жүрүш экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар