Дүйнөнүн эң картаң кишиси каза болду

Дүйнөнүн билинген эң картаң кишиси 116 жашында каза болду.

310028
Дүйнөнүн эң картаң кишиси каза болду

Америкалык Жерал Тэлли бир ай мурда туулган күнүн белгилеген. Тэлли Детроитте карындашы менен бирге жашаган үйдө каза болду. 77 жаштагы карындашы Тэллини жакшы жана кечиримдүү киши катары эстей турганын айтты. Жерал Тэлли 104 жашка чейин бовлинг ойногон. Тэлли жакынкы мезгилде өпкөсүндө суунун чогулуусу менен ооруканадан дарыланып чыккан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар