БУУнун чакыруусу

БУУнан Йемендеги кагылышуулардын токтотулуусу үчүн чакыруу жасалды

302402
БУУнун чакыруусу

Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарында хусилердин жарандар жашаган аймактарга пулемет менен жасаган кол салуусунда 10 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Коалиция күчтөрү да Мариб облусунун Жуфейне аймагында пулемет жана катюша ракеталарын бутага алып хусилерге оор жоготуу берди.
Кагылышуулар болуп жаткан сааттарда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун катчысы Стефан Дуярик өлкөдө акыркы эки айда хусилерге карата операцияларда жана чыккан кагылышууларда 234тү бала болгон 1 миң 37 кишинин каза болгонун айтты. Катчы Сауд Арабстандын жол башчылыгында түзүлгөн хусилерге каршы коалиция операцияларынын жана кагылышуулардын эртерээк токтотулуусуна чакыруу жасады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар