ДЕАШ Рамади шаарын колго алды

Террористтер шаардагы бензин станциясы жана бир канча өкмөттүк имаратты өрттөп жиберишти.

278873
ДЕАШ Рамади шаарын колго алды

Ирактын Анбар облусунун шаардык борбору Рамади террор уюму ДЕАШтын колуна өттү.
Жергиликтүү полиция жана армия күчтөрүнүн чегингени боюнча террор уюму Рамадинин толугун көзөмөлгө алды.
Террористтер шаардагы бензин станциясы жана бир канча өкмөттүк имаратты өрттөп жиберишти.
Бул абал боюнча Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади суннит калкы жыш жашаган Анбарда ДЕАШ менен согушуусу үчүн шиит согушкер күчтөрдүн шаарга кирүү буйругун берди.
Анбарлык айрым уруу лидерлери, премьер-министр Абадиге согушкерлердин шаарга кириши үчүн буйрук берүү чакырыгын салды.
Уюмдун Рамадинин 90 пайызын колго алганы алдыга коюлса, премьер-министр Хайдар аль-Абади бул теманы төгүнгө чыгарып, ДЕАШка каршы жеңишке жакын болгондорун жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар