АКШда мотоциклчендер кагылышышты

Мотоциклчендердин мушташында 9 киши каза тапты.

279306
АКШда мотоциклчендер кагылышышты

Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатында мотоциклчен 2 топтун ортосундагы талаш күчөп кетип куралдарын кезешти. Окуяда 9 киши каза таап, 18 киши жаракат алды.
Вако шаарында атаандаш мотоциклчен топтор, арасындагы келишпестиктерди талкуулоо үчүн бир ресторанда жолугушту.
Талаштын күчөп кеткени боюнча ресторандын автопаркына өткөн топтун ортосунда мушташ башталып, артынан бычактар суурулуп, тапанчалар атылды.
Уруштун себебине байланыштуу азырынча ачыктоо жасабаган полиция, окуя болгон жерде жүздөн ашуун куралды тартып алды.
Башкаруучулар мотоциклчен топтордун ортосунда көптөн бери тирешүү болуп келгенин, башка кагылышуу чыгып кетпеши үчүн коопсуздук күчөтүлгөнүн жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар