Экинчи Дүйнөлүк согушу  Европа жана Орусияда эскерилүүдө

1945 - жылы 8 - майда Германиянын багынуусу менен Экинчи Дүйнөлүк согушу Европа фронтунда аяктады

267741
Экинчи Дүйнөлүк согушу  Европа жана Орусияда эскерилүүдө

50 миллион киши каза болгон, тарыхтын эң чоң согушунун аяктоосу менен Европа менен Орусияда салтанаттар өткөрүлүүдө.
Польшадагы салтанаттар 1939 - жылы согуш башталган Гданск жакындарында өткөрүлдү. Польшанын президенти Бронислав Коморовский салтанатта сүйлөгөн сөзүндө согуштун аяктоосунун өлкөсүнө эркиндик алып келбегенин, 45 жылдык советтик туткундукка жол ачканын айтты. Варшавадагы салтанаттарга Польша, Украина жана кээ бир Орто Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун катышты. Париждеги салтанатта Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри француз лидерлерин жалгыз калтырган жок. Брюсселден Прагага чейин көп сандаган шаарда салтанаттар өткөрүлдү.
Англиянын борбор шаары Лондондо 2 минуталык эскерүүболду. Панарлар жагылып, чиркөөлөрдө коңгуроолор кагылды.
Германия болсо 8 - майды фашисттерден кутулуу күнү деп эскерүүдө. Ушул максатта немис парламентинде атайын бир отурум өткөрүлдү.
Орусияда болсо эртең салтанаттар өткөрүлөт. Москвада өткөрүлө турган салтанатты Украина тууралуу келишпестиктен улам батыштык лидерлер бойкот кылышууда. Германиянын канцлери Ангела Меркель эртеңки жүрүшкө эмес, жекшемби күнү Москвада өткөрүлө турган эскерүүлөргө катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар