Асад жеңилүүнү кабыл алды

Асад оппозицияылдарга каршы согушта акыркы мезгилде кээ бир жеңилүүлөргө учураганын моюнга алды

265348
Асад жеңилүүнү кабыл алды

Сирия армиясы оппозициячылдар менен болгон кагылышууда башта Идлиб шаары болуу менен абдан чоң жоготууга учурап, Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад узун убакыттан кийин калктын алдына чыгып билдирүү жасады.
Борбор шаар Дамасктагы бир мектепте сөз сүйлөгөн Асад оппозициячылдарга каршы согушта акыркы мезгилде кээ бир жеңилүүлөргө учураганын моюнга алды жана аскерлерге күч берүүгө аракет кылды.
Согуштарда армиянын кээде буктурмаларды жоготуп кайра алганын белгилеген Асад өлкөнүн түндүгүндө оппозициячылдардын курчоосу астында калган аскерлерге эң кыска убакытта жардам жиберерин билдирди.
Бир тараптан режим күчтөрү тарабынан борбор шаар Дамасктагы кол салууда пулемет окторунун жардам конвоюна келип түшүүсү менен 1 киши каза болду, 10 киши жараланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар