Непалда жер титирөөдө каза болгондордун саны 6 миң 700дөн ашты

Катмандуда жоголгон кишилердин көпчүлүгү турист

259137
Непалда жер титирөөдө каза болгондордун саны 6 миң 700дөн ашты

Непалдын борбор шаары Катманду жакындарында 25 -  апрелде болгон 7, 8 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 6 миң 700дөн ашты. Полиция жетекчилери Непал, Индия жана Тибетте каза болгондордун санын 6 миң 700дөн ашканын жана 14 миң жаралуунун бар экенин билдирди. Непал ички иштер министрлиги жер титирөөдө 160 миңге жакын үйдүн кулаганын жарыялады. 

Европа Биримдигинин Катманду элчиси Ренсе Тиринк берген маалыматында 1000ге жакын Европа Биримдиги жарананын изилденип жатканын жана жоголгондордун көпчүлүгүнүн турист экенин айтты. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар