Чили селдин чыгымдарынын ордун толтурууга аракет кылууда

Өлкөнүн түндүгүн уруп өткөн сел апаатынын айынан 5 миңден ашуун адам баш калкалоочу жайларда жашап жатышат.

228777
Чили селдин чыгымдарынын ордун толтурууга аракет кылууда

Чили 20дан ашуун киши каза болгон сел апаатынан кийин чыгымдардын ордун толтурууга аракет кылууда.
30 миң кишиге таасирин тийгизген нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин пайда болгон баткак менен балчык болсо иш-чараларды татаалдаштырууда.
Өлкөнүн түндүгүн уруп өткөн сел апаатынын айынан 5 миңден ашуун адам баш калкалоочу жайларда жашап жатышат.
Селден кийин жоголгон 57 кишиден дагы эле дайын жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар