Чавушоглу келишим туурасында маалымат алды

Ирандын атомдук план келишимине кол коюшу дүйнөнүн күн тартибинде.

225964
Чавушоглу келишим туурасында маалымат алды

Келишимдин тараптары болгон Америка Кошмо Штаттары жана Германиянын тышкы иштер министрлери, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглуна телефон аркылуу байланышып план келишими темасында маалымат берди.

Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү жана Германиянын ортосунда жетишилген атом темасындагы план келишимине Түркия оң карап жатат. Анкара бул темада акыркы келишимге жетишилишин да каалайт.

Келишимдин тараптары болгон АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Германиянын тышкы иштер министри Франк Уольтер Штайнмайер Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен байланышып Иран менен жетишилген план келишими туурасында маалымат беришти.

Тышкы иштер министрлиги бул сүйлөшүүнүн берки тараптан келгенин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар