Обама Кенияга көңүл айтты
Гарисса университетине Ешшебаб террористтери тарабынан мурунку күнү жасалган кол салууда көпчүлүгү студенттер болгон 147 киши каза болгон
Американын президенти Барак Обама Кениянын түндүк чыгышындагы Гарисса университетине жасалган кол салууда каза болгондор үчүн Кениянын мамлекет башчысы Ухуру Кеньяттага көңүл айтты. Обама Кениянын мамлекет башчысы Ухуру Кеньяттага телефон чалып мурунку күнү университетке жасалган кол салууда каза болгондор үчүн өзүнүн жана жубайы Мишель Обаманын көңүл айтканын билдирди. АКШнын Кения өкмөтү жана калкынын жанында экенин баса белгилеген Обама Кеньятта менен июнь айындагы программасында кандайдыр бир өзгөрүүнүн болбой турганын айтты.
Барак Обама сүйлөшүүдө терроризм менен күрөшүү боюнча кызматташтык менен бирге Кения жана аймак үчүн коопсуз келечек тууралуу сүйлөшүшөрүн белгиледи. Кениянын түндүк чыгышындагы Гарисса университетине Ешшебаб террористтери тарабынан мурунку күнү жасалган кол салууда көпчүлүгү студенттер болгон 147 киши каза болгон.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.