БУУнун эскертүүсү

БУУ Ирак боюнча эскертти

221623
БУУнун эскертүүсү

БУУнун баш катчысы Па Ги Мун Иран жана аймактагы башка өлкөлөрдү Иракта секталык кагылышууларга каршы эскертти.
Кувейтке барган Пан Ги Мун Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Эмир Абруллахиян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Ирактын секталык кагылышууларга дуушар болушун каалабагынын билдирди.
Пан Ги Мун Иран жана аймактагы башка өлкөлөрдүн Ирактын секталык кагылышуу болуп жаткан аймак абалына айланышына бөгөт коюу жоопкерчиликтери бар экенин белгиледи.
Ирандан улуттук макулдашуу үчүн Ирак өкмөтүнө колдоо көрсөтүүсүн да каалаган Пан, Сириядагы кагылышууларды соңуна чыгаруу үчүн да диалог жана өткөөл өкмөт темаларынын кубатталышы керектигин айтты.
Бир тараптан БУУнун Ирактагы миссиясы өлкөдөгү кагылышуулардан жана террордук кол салуулардан март айында 997 кишинин каза болгонун, 2 миң 172 кишинин жаракат алганын билдирди.
Каза тапкандардын 729у, жаралангандардын 1 миң 785и жергиликтүү тургундар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар