Иран менен батыш өлкөлөрү атом боюнча сүйлөшүүлөрүн улантат
Иран менен атомдук сүйлөшүүлөрдө саясий келишим үчүн акыркы 3 күн катары 31 март белгиленген.
Иран менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана Германиядан турган Р5+1 өлкөлөрүнүн ортосундагы атомдук сүйлөшүүлөр уланмакчы.
АКШнын мамлекеттик катчылыгынын катчысы Мари Харф Швейцарияда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун жана сүйлөшүүлөр улантыла турганын жарыялады.
Харф айрым темаларда да ортодогу айырмачылыктарды азайткандарын, бирок дагы эле Ирандын уран запасы сыяктуу айрым чоң маселелердин чечилбегенин айтты.
Жаман келишимди кабыл албай тургандарын айткан Харф: «Бул маселелерди чече албасак, келишим болбойт»-деп айтты.
Батыштык өлкөлөр Ирандын уран байытуусун 5 пайыздын астында кармоосун талап кылышууда.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана атомдук сүйлөшүүчү Хамид Байдинежад да сүйлөшүүлөрдүн качан соңуна чыга турганын божомолдоонун мүмкүн болбогонун белгиледи.
Иран менен атомдук сүйлөшүүлөрдө саясий келишим үчүн акыркы 3 күн катары 31 март белгиленген болчу. Сүйлөшүүлөр Швейцариянын Лозанна шаарында уланууда.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.