Чили өрт жана сел менен алпурушууда

Чилинин түндүгүндө сел жүрүп, өлкөнүн түштүгүндөгү үч чоң токойдо өрт чыкты.

283872
Чили өрт жана сел менен алпурушууда

Чилиде өлкөнүн түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен сел жүрүп 7 киши каза болсо, түштүгүндө болсо кургакчылык жана ысык аба-ырайынын айынан токойлор өрттөнүп жатат.
Бир канча күнгө созулган жамгырдын себебинен Копьяпо дарыясы ташкындап, отурукташуу жерлерин суу каптады.
Жер көчкү коркунучу жана селдин себебинен бир канча айыл бошотулду.
Өлкөнүн түштүгүндөгү үч чоң токойдо болсо өрт чыкты.
Жүздөгөн гектардык токой аянттарынын күл болушуна себепчи болгон өрттөрдү өчүрүү үчүн өлкөнүн жалыпысындагы өрт өчүрүүчүлөр аракет кылышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар