ДАИШке катышууну каалаган 3 англичан кармалды

Түркия аркылуу Сирияга барууну каалаган 3 Улуу Британия жараны Стамбулда кармалды.

266715
ДАИШке катышууну каалаган 3 англичан кармалды

Террор уюму ДАИШке катышуу үчүн Түркия аркылуу Сирияга барууну каалаган 3 Улуу Британия жараны Стамбулда кармалды.
Түрк органдары менен байланышка өткөн Лондон полициясы Стамбулдун «Ататүрк» аэропорту жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторуна англис жаштардын аттарын билдирди.
Өздөрү жоголгону боюнча маалымат келген 3 Улуу Британия жараны, түрк жана англис полициясынын ортоктошо иштөөсүнүн жыйынтыгында «Сабиха Гөкчен» аэропортунда кармалды.
Аэропортто полиция тарабынан камакка алынган 3 англичан туурасында дароо чет өлкөгө чыгаруу боюнча процедура башталды.
Үч англичан Лондонго жөнөтүлдү. Англияга жеткенде камакка алынган жаштар сотко чыгарылды. Сот жаштарды күрөө алып эркин кое берди.
Бир тараптан Сирияга саякатка даярданып жатканы белгиленген 18 жаштагы бир англичан Бирмингам шаарындагы үйүнө жасалган операцияда кармалды. Англия полициясы бул жаштын террордук кол салуу шектенүүсү менен кармалганын жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар