БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Сирияга айыптоо

Хлор газынын башка химиялык куралдар менен бирдей функцияда экени жана күтүлбөгөн жерден өлүмгө жол ачканы белгиленди

252005
БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Сирияга айыптоо

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда кагылышууларда хлор газынын курал катары колдонулуусун айыптады. Кайталана турган болсо керек болгон кадамдарды таштай тургандары боюнча эскертти. Кеңеште дайыма Асад режимин колдогон Орусия жана Кытай да бекиткен айыптоого убактылуу мүчө Венесуэла арсар болду. Хлор газынын башка химиялык куралдар менен бирдей функцияда экени жана күтүлбөгөн жерден өлүмгө жол ачканы белгиленди.
Эркин түрдө сатылган хлор газынын курал катары колдонулуусу 1997 - жылы жарыяланган химиялык курал конвенциясы тарабынан тыюу салынган болчу. Асад режими оппозициячыл куралдуу топторго жана жарандарга зарин газы колдонулганы ортого чыгуусу менен 2013 - жылы химиялык куралдарын колдон чыгарууну кабыл алган болчу. Химиялык куралдар менен күрөшүү уюму Сирияда бул жолу да хлор газынын курал катары колдонулганын аныктаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар