Сирия БУУнун 3 кызматкеринин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды

Дуарич UNICEFтин 3 кызматкерин эч кандай негиз болбостон өлкөдөн чыгып кетүүсүн каалаганын белгиледи

241739
Сирия БУУнун 3 кызматкеринин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды

Сирия режими кандайдыр бир негиз көрсөтпөстөн БУУнун 3 жардам берүү кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Өлкөдөн чыгып кетүүсү кааланган кызматкерлердин БУУнун Сириядагы операцияларында абдан маанилүү орунда турганы билдирилди. Билдирүү БУУнун баш катчысынын катчысы Стефани Дуаричтен келди. Дуарич журналисттерге жасаган билдирүүсүндө экөөсү БУУнун чукул жардам координация офисинин кызматкери менен UNICEFтин 3 кызматкерин эч кандай негиз болбостон өлкөдөн чыгып кетүүсүн каалаганын белгиледи. Дуарич кызматкерлердин өлкөдөн чыгып же чыкпаганы тууралуу маалыматтарды коопсуздук негиздери боюнча билдиришпей тургандарын да белгиледи. БУУнун кызматкерлери оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга жардам жеткирүүнү координациялайт. Асад күчтөрүнүн жарандарга карата мамилеси жана иштелген кылмыштар менен БУУнун гуманитардык жардам конвойлорунун өтүүсүнө бөгөт болушу дүйнөлүк коомдук пикирде каршы чыгууга жол ачты.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар