Жон Керри Европа жана Азия өлкөлөрүн камтыган сапарга чыгат

Жон Керринин сапары 2-мартта башталат.

240472
Жон Керри Европа жана Азия өлкөлөрүн камтыган сапарга чыгат

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Европа жана Азия өлкөлөрүн камтыган сапарга даярданууда.
АКШнын Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки Керринин 2-мартта Швейцариянын Женева шаарына барып БУУнун адам укуктары кеңешинин 28-отурумуна катыша турганын, бул жерде айрыкча Украина жана башка аймактык темаларды сүйлөшүү үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуша турганын билдирди.
Керринин андан кийин Монтрё шаарына барып 5+1 өлкөлөрүнүн атомдук сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен жолугаары белгиленди.
Швейцариядагы жолугушууларынан кийин Сауд Арабиянын борбору Риядга бара турган Керри бул жерде Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдүлазиз Аль Сууд жана башка жогорку деңгээлдеги жетекчилер менен кезигип Йемендеги кырдаал жана террор уюму ДАИШ менен катар көптөгөн темада пикир алмашат.
Керри сапарынын акыркы аялдамасы Англиянын борбору Лондондо болсо аймактык темаларды сүйлөшүү үчүн Булуң өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар