Батыш менен Орусия  карым – катнаштары эң жаман күнүн жашоодо

Орусия Украина алган жаратылыш газдын төлөмүн төлөөсүн талап кылды

226847
Батыш менен Орусия  карым – катнаштары эң жаман күнүн жашоодо

Украина маселесинен улам Батыш менен Орусиянын ортосундагы карым – катнаштар Суук согуштан бери эң жаман күндөрүн жашоодо. Москва башкаруусуна ушул күнгө чейинки эң оор сындарын билдирген АКШ Орусияны «глобалдык тартипти» бузууга аракет кылуу менен күнөөлөдү. Тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псаки Орусия жактоочуларынын ок атууну токтотуу эрежелерин бузуу менен жасаган кол салууларын эл аралык дипломатия жана глобалдык тартипти бузганын белгиледи. АКШ конгрессинен көп сандаган сенатор да мамлекеттик катчы Жон Керриге кат жазып Орусияга жасалган экономикалык санкциялардын күчтөндүрүлүшүн жана Украинага коргонуу максатында курал берүүгө чакыруу салды. Өлкөдө кагылышуулар Донецк жана Мариуполь тегерегиндеги айыл жана кыштактарда күч алып эки тарап да бири бирин ок атууну токтотуунун эрежелерин бузуу менен күнөөлөдү. Ошол эле учурда Орусия Украина алган жаратылыш газдын төлөмүн төлөөсүн талап кылды.
Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведев төлөм төлөнбөсө кыштын ортосунда газды үзгүлтүккө учуратуу менен коркутту. Бир тараптан Орусия жактоочусу болгон Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичтин протесттерден кийин кызматын таштоосунун бир жыл болушунан улам Москвада абдан чоң митинг уюштуруусу күтүлүүдө. Орусия Януковичтин кулатылышын «сокку» деп мүнөздөөдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар