Ливияда Каддафи бийлигинин кулашынын 4 жылдыгы белгиленүүдө

Триполи Ливиянын жалгыз борбор шаары эмес

222467
Ливияда Каддафи бийлигинин кулашынын 4 жылдыгы белгиленүүдө

Ливияда 40 жылдан ашуун убакыттан бери келе жаткан Каддафи режимин соңуна чыгарган калк көтөрүлүшүнүн төртүнчү жылы белгиленүүдө. Көтөрүлүштүн төртүнчү жылында төрт бөлүккө бөлүнгөн өлкөдө 4 жылдан бери саясий хаостон улам майрамдар көңүлсүз өтүүдө. Борбор шаар Триполиде жүздөгөн киши төңкөрүштүн төртүнчү жылында көчөлөргө чыгышты. Бирок Триполи өлкөнүн бир гана борбор шаары эмес. Ар бири бири бирине душман болгон төрт бөлүктүн бирөөсүн ДАИШ, бирөөсүн Аль Каида, экөөсүн болсо өлкөдө эгемендигин жарыялаган эки башка өкмөт текшерүүгө алган. Бул эки өкмөттүн бирөөсүнүн борбор шаары Триполи бирөөсүнүкү болсо Тобрук. Өлкөдөгү кыймыл кылуу аянтын барган сайын кеңейтип жаткан ДАИШ акыркы болуп жуманын башында 21 коптыны өлтүргөн бир видеону жарыялап дүйнөлүк масштабда жаңы бир кыжырданууну жараткан. Египет жана Бириккен Арап Эмирликтеринин согуштук учактары өлкөдөгү ДАИШ буктурмаларын аткылоодо. Өлкөдө күч алып жаткан ДАИШ коркутуусун БУУнун коопсуздук кеңешинин күн тартибине алып келген Египет Каддафи режиминин кулашынан кийин өлкөнү экинчи бир эл аралык аскердик кийгилишүүдө болуу үчүн чакыруу салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар