3 мусулман жаш эскерилүүдө

Өлтүрүлгөн жаштар үчүн дүйнөдөгү ар башка өлкөлөрдө эскерүү аземдери уюштурулууда.

218598
3 мусулман жаш эскерилүүдө

3 мусулман жигиттин АКШнын Түндүк Каролина штатында өлтүрүлүшү Ислам дүйнөсүн терең капага салды.
Өлтүрүлгөн жаштар үчүн дүйнөдөгү ар башка өлкөлөрдө эскерүү аземдери уюштурулууда.
Ал жаштар Австриянын борбор калаасы Венада да эскерилди.
Мусулман жарандык коомдук уюм желеси тарабынан Грабен аймагында уюштурулган программага 400дөй киши катышты.
Программадагы сөз сүйлөөлөрдө батыштык медиа жана саясатчылардын сөзү болгон кыргындын алдында үн катпай калуулары сындалды.
Өлтүрүлгөн жаштар Нидерландияда да унутулган жок.
Минах аттуу мусулман аялдар кеңешмесинин борбор калаа Амстердамда уюштурган эскерүү программасына түрк жана марокколуктар менен катар арасында нидерландиялыктар да болгон калың топ катышты.
Программада Кураан окулуп курман болгон жаштар үчүн дуба кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар