Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кеңеши Брюсселде чогулду

Жыйында Украина маселеси каралды.

215027
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кеңеши Брюсселде чогулду

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар кеңеши Брюсселде чогулду.
Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин негизги күн тартиби Орусия менен уланып жаткан кризис болду.
Орусияга дагы көп экономикалык санкция киргизилүүсү жана Украинага оор курал жардамы көрсөтүлүшү сыяктуу сунуштарга Брюссель этият мамиле кылууда.
Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус жыйындын алдында: «Санкциялардын кандай өлчөмдө киргизилээри кырдаалдарга жараша болот»,- деп айтты.
Европа Биримдиги акыркы жолу 29-январда бешөө орус он тогуз кишини Украинанын чыгышындагы окуялардын себебинен санкция тизмесине киргизген. Бирок бул чечим азырынча ишке аша элек.
Франция, Германия, Орусия жана Украинанын лидерлери шаршемби күнү Минскте тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн чогулушат.
Брюссель так мамилесин ушул жыйналыштан чыга турган жыйынтыкка жараша белгилейт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар