Канада АКШ – Украина биргелешкен комиссиясына кошулду

АКШ – Украина биргелешкен комиссиясы 2013 - жылдын июль айында курулган

207596
Канада АКШ – Украина биргелешкен комиссиясына кошулду


Канаданын коргоо министри Роб Николсон өлкөсүнн октябрь айында «байкоочу» статусунда орун алган АКШ – Украина биргелешкен комиссиясына эми «орток» катары кошулганын жарыялады.
Николсон АКШ менен Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана калкын коргоо, өкмөтү менен коопсуздук күчтөрүнүн көлөмүн кеңейтүү тууралуу иштөөдө чечкиндүү экендерин айтты. Роб Николсон өлкөсүнүн биргелешкен комиссиянын чакыруусу менен Украинанын аскердик полициясына жасалган билим берүү жардамдарынын координацияланарын билдирди. АКШ – Украина биргелешкен комиссиясы Украина Куралдуу Күчтөрүнө коргонуу реформасы жана эки тараптуу кызматташтыктын негизинде жасалган жардамдардын координациясы үчүн 2013 - жылдын июль айында курулган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар