Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери чогулууда

Жыйындын негизги күн тартиби террор менен күрөшүү болот.

189963
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери чогулууда

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулууда.
Күн тартибиндеги негизги тема орток коопсуздук чара көрүүлөрү жана террор менен күрөшүү стратегиясы.
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин бүгүнкү жыйынынын расмий күн тартибинде Орусия менен карым-катнаштар, Ливияда ырааттуулук жана макулдашуу кантип түзүлсө болот сыяктуу темалар да орун алууда.
Бирок Париждеги кол салуудан кийин кыймылга өткөн Европа Биримдигинин негизги күн тартиби бул жыйында террор менен күрөшүү болот.
Комиссиянын 11-январда даярдаган коопсуздук стратегиясынын каралуусу, чек ара коопсуздугу, Шенгенде жаңы чара көрүүлөр жана чалгындоо кызматы сыяктуу темалардын кеңири каралышы күтүлүүдө.
Бул стратегия алдыбыздагы айда лидерлер саммитинде да кабыл алынса Европа Парламентине сунушталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар