Франция малилик мусулманды баатыр деп жарыялады

Батилиге француз жарандыгы жана мамлекеттик орден берилиши үчүн акция баштатылды.

183925
Франция малилик мусулманды баатыр деп жарыялады

Франция 24 жаштагы малилик мигрант Лассана Батилини баатыр деп жарыялады.
Парижде жума күнү еврей маркетине болгон террордук кол салууда 15 кишини складга бекитип куткарган Лассана Батилиге Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху ыраазычылык билдиришти.
Батилиге француз жарандыгы жана мамлекеттик орден берилиши үчүн акция баштатылды.
Батили куткарган кишилердин жетөөсү еврей болчу.
Бир тараптан кол салууга дуушар болгон маркеттин алдында даярдалган бурчка курман болгондор үчүн гүлдөр коюлуп, шамдар жагылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар