"Эбола" 8 миңден ашуун жан алды

«Эбола» оорусуна бөгөт коюла албай жатат...

175286
"Эбола" 8 миңден ашуун жан алды

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму «Эбола» оорусунан таасир алган Батыш Африка өлкөлөрү Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леонеде каза болгондордун санынын 8 миңден ашканын жарыялады.
«Эбола» оорусуна бөгөт коюла албай жатат...
Батыш Африка өлкөлөрү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леоне «эболанын» чеңгелинде.
Бул өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам вирус менен алп урушууда. Жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө.Батыш Африка өлкөлөрүнүн тышындагы каза болгондор да кошо эсептелгенде дүйнөнүн жалпысында Эболадан каза болгондордун саны 8 миң 168ге жетти.Бул учурда Эбола вирусунан эң көп кишиси каза болгон өлкө Либерияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы жумаларда белгилүү өлчөмдө азайганы билдирилүүдө.Оорулуулардын азайышы менен бирге өлкөдө турмуш да акырындык менен оңоло баштады. 5 айдан бери жабык турган мектептердин кайрадан ачылып, футбол лигасы кайрадан баштала турган өлкөдө, эбола курмандарынын сөөктөрүнүн өрттөлүшү да соңуна чыгууда.Жугуштуу оору таасирдүү болгон жерлерде карантинге алуу уланууда.

"Эбола" вирусу оорукчал кишиден дененин суюктуктары аркылуу жугат.
Жугуштуу оору жайылган аймакта кызмат кылган 350дөн ашуун саламаттык сактоо кызматкери да вирустун айынан каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар